• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакай-Атада мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан КР Жер кодексинин талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү 2,59 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бөлүнүп, ага “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалы тарабынан укук берүүчү күбөлүгү даярдалып берилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчике берилип кеткен 7 млн 770 миң сомго бааланган 2,59 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий