• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакай Банк сырткы рекламадан баш тартып, анын акчасын медиктердин маянасына кошуп берди

Коом 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. «Бакай Банк» Тез жардам борборунун кызматкерлеринин карталарына 1000 сомдон которду. Каражатты бошотуу үчүн банк Бишкектеги бардык сырткы көрнөк-жарнактарды жайгаштыруудан баш тартты.

Акча каражаттары Бишкек шаардык Тез жардам борборунун кызматкерлеринин карталарына түз которулду. Банктын пресс-кызматынын маалыматына караганда, медиктерди колдоо үчүн каражат бардык сырткы жарнамадан баш тартуунун жыйынтыгында бошогон.

«Банк Кыргызстан үчүн ушул оор күндөрдө медицина кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирет», — деп айтылат «Бакай Банктын» билдирүүсүндө.

Контакт-центр 24/7:

* bakai.kg

* 6111 (уюлдук телефондордон)

* +996 554 006 111 (WhatsАpp)

Пикир

Оставить комментарий