• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Бакай Банктын» Ислам Финансылык борборунун өкүлдөрү бахрейндик инвесторлор менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. «Бакай Банкка» биригүү процессиндеги «БТА Банктын» Ислам Финансылык борборунун өкүлдөрү Бахрейнде өткөн Ислам Банкингинин Дүйнөлүк Конференциясына катышты. Инвесторлордун ИФБга инвестиция бөлүү ниеттери бар.

«БТА Банк» ЖАКынын «Ислам Финансылык Борбору» Департаментинин жетекчиси Талант Керимбаев жана ИФБнын Өнүктүрүү башкармалыгынын ислам продуктуларын иштеп чыгуу жана киргизүү бөлүмүнүн жетекчиси Айсулу Тынышева 2019-жылдын 2-4-декабрында Бахрейн Королдугунун Манама шаарында өткөн 26-Ислам Банкингинин Дүйнөлүк Конференциясына катышты.

Конференциянын жүрүшүндө «БТА Банктын» ислам терезесинин өкүлдөрү келечектеги инвесторлор менен жолугушуп, өз ара түшүнүшүү боюнча бир катар меморандумдарга кол коюшту, ошондой эле штаб-квартирасы Бахрейнде жайгашкан дүйнөдөгү ири исламдык банк топторунун бири Al Baraka Banking Group тарабынан ИФБны каржылоо боюнча алдын-ала келишимдерге жетишти.

«БТА Банк» 2020-жылдын январында «Бакай Банкка» биригип, бириккен банк «Бакай Банк» бренди менен иш алып барат. Эки банк тең ислам принциптери боюнча кыржылоо кызматтарын көрсөтүп келишет — «БТА Банктын» Ислам Финансылык борбору 2019-жылдын сентябрында, ал эми «Бакай Банктын» Ислам Финансылык Борбору 2018-жылдын июнь айында ачылган.

«БТА Банк» «Бакай Банкка» бириккенден кийин аймактарда ИФБнын кеңселери көбөйөт: Ош, Каракол, Токмок, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларындагы беш филиал ислам принциптери боюнча иш алып барышмакчы.

Call-центр: 6111 (мобилдик байланыш).

Бардык кеңселердин иш тартиби: тыныгуусуз саат 9.00 - 18.00гө чейин.

Телефон: 0312610061.

Сайт: www.ifcenter.kg.

E-mail: office@ifcenter.kg

Пикир

Оставить комментарий