• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бакашова: Аял депутаттардын санынын көбөйүшү – аялдар лидерлигин алга жылдырууда

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Аял депутаттардын санынын көбөйүшү – аялдар лидерлигин алга жылдырууда жана өлкөнүн саясий жашоосунда алардын ролун күчтөндүрүүдөгү маанилүү баскыч. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо жеңишке жетишкен аялдарга сый көргөзүү иретиндеги «Мен –лидер алзатымын: жаңы доорго кадам таштоо» аземинде билдирди.

«Жергиликтүү жана улуттук деңгээлде аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү жаатындагы өлкөбүздүн бүгүнкү жетишкендиктери менен сыймыктанам. Бул чындыгында жалпыбыз үчүн, биздин өлкө үчүн чоң саясий ийгилик болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин саясий колдоосунун аркасында ишке ашырылууда. Урматтуу жергиликтүү кеңештин депутаттары, эми сиздерде бир гана депутаттык мандат эмес, өз айылыңыздын, жамаатыңыздын бакубаттыгы үчүн пайдаланыла турган бийлик инструменттери бар. Сизге талапкер болуп катышуу, үгүт иштерин жүргүзүү, үй-бүлөңүздөгү жана айылыңыздагы калыпка түшкөн көрүнүштөр менен күрөшүү оңойго турбаганын түшүнөм. Кандай гана болбосун, сиздер ийгиликке жетише алдыңыздар», - деди Жылдыз Бакашова.

Ал Министрлер Кабинетинин улуттук иш-аракеттер планында аялдардын экономикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, функционалдык билим берүү тутумун өнүктүрүү, басмырлоону четтетүү жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, чечимдерди кабыл алууда гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдардын саясий турмушка катышуусун жогорулатуу сыяктуу 5 негизги артыкчылыктуу багыт камтылгандыгын белгиледи.

«Биз саясий процесстерге катышууда аялдардын жана эркектердин бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн прогрессивдүү мыйзам чыгаруу чараларын сактап, айрыкча алдыдагы парламенттик шайлоо учурунда бирдей укуктарды, ачык-айкындыкты камсыз кылуучу чараларды чыңдообуз керек», - деди Бакашова.

Жылдыз Бакашова кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы глобалдык шериктештиктин бир бөлүгү катары, негизги эл аралык келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарууда.

Туруктуу өнүгүү максаттары (2030) Күн тартиби алкагында республикада аялдардын саясий, экономикалык жана коомдук жашоого ар тараптуу жана реалдуу катышуусун жана алардын чечимдерди кабыл алуудагы лидерлигин камсыздоо боюнча 5.1 Милдетин ишке ашыруу үстүндө иш алынып барылууда.

«Бүгүнкү күндө жергиликтүү деңгээлде аялдардын өкүлчүлүгүн көрсөтүүдөгү жетишкендиктерибиз жакынкы он жылдыкта гендердик теңчилик жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында олуттуу ийгиликтерге жол ачат деп ишенип турабыз», - деп жыйынтыктады ал.

Иш-чаранын алкагында 40тан ашуун айылдык кеңештин депутаттары жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, саясатчы аялдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда түз жана ачык диалог орун алды.

Пикир

Оставить комментарий