• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакашова Баткен облусундагы балдар аянтынын ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы балдар аянтынын ачылышына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, балдар аянты БУУ Балдар фондунун колдоосу астында түзүлгөн.

Жылдыз Бакашова балдарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, окуудагы ийгиликтерди, бактылуу балалыкты каалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары БУУ Балдар фондуна балдардын оюн аянтчаларын ачуу боюнча долбоору үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Уюм Баткен облусунда ушундай 13 аянтты ачууну пландаштырууда.

«Ата-энелердин үмүтү, мамлекеттин келечеги – биздин балдар. Алар – жашообуздун маңызы. Ар бир бала бактылуу балалыкка жана жаркын келечекке татыктуу. Аны камсыздоо - биздин милдет. Бүгүн биз балдар үчүн аянтчасы ачылып жаткандыгына кубанычтабыз. Бул жерде балдарга психологиялык колдоо көрсөтүлүп, ойноого жана теңтуштары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилет. Ата-энелер үй-жайларын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышат, ал эми балдар коопсуз жайда болушат. Белгилей кетсек, коопсуз аянтчалар өзгөчө кырдаалдарда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн орнотулууда. Бул мекемелерде иштеген аниматорлор балдарга оюн аркылуу психологиялык көмөк көрсөтөт. Тилекке каршы, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө 36 жараныбыз курман болуп, алардын арасында 12 жашар Мадина Рахматжанованы жоготтук. Көптөгөн энелер жана балдар кыйынчылыкка дуушар болду. Бүгүнкү күндө турак-жайларды жана башка обьектилерди куруу иштери жүрүүдө. Талкаланган айылдарды калыбына келтирүүдө биринчи кезектеги чаралар катары мектептер, медициналык мекемелер жана жолдор курулат», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин атынан балдар аянтчасы үчүн спорттук инвентарь, балдар үчүн оюнчуктар берилди.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, өлкө президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Концепциянын долбоору иштелип чыккан, анда балдарга, алардын билимине жана тарбиясына, ошондой эле Умай Эне салтын калыбына келтирүү максатында энени жана баланы кароо, колдоо жана коргоо жаатындагы улуттук программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулган.

Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жылдыз Бакашова бир катар социалдык объектилерге барды.

Жылдыз Бакашова Баткен шаарында «Баатыр эне» орденин жана «Эне Даңкы» медалын тапшыруу аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 12-майындагы Жарлыктарына ылайык, төмөнкүлөр «Баатыр эне» ордени менен сыйланды: Ажикурбанова Бактыгүл Тажибаевна, Ибрагимова Кызылгүл Амирбековна, Матримова Назира Сүйүнөвна, Намазова Инобат Турдалиевна. «Эне Даңкы» медалы төмөнкүлөргө тапшырылды: Абдыкеримова Максуда Жаныбековна, Калматова Элиза Шайдуллаевна, Масалиева Айниса Мийдиновна.

Андан кийин ал геронтологиялык борбордун, Үй-бүлөлүк медицина борборундагы эмдөө пункттарынын абалы менен таанышып, «Нур» балдар өнүктүрүү борборунда жана Баткендеги Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясында болду.

Мындан тышкары, Жылдыз Бакашова Кулунду айылындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна барат, Лейлек районунун медицина кызматкерлери менен жолугушат жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялар учурунда жабыркаган Максат айылынын тургундары менен жолугушмакчы.

Пикир

Оставить комментарий