• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакашова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жылдыз Бакашова уюмга пандемия кесепеттерин жоюуда көрсөтүп жаткан колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жана калкты вакцинациялоо кампаниясы тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында республикага Кытайдын 1 миллион 250 миң доза вакцинасын жеткирүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасы, медициналык шаймандар жана дары-дармектер, муздаткычтар келиши күтүлүүдө.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм уюм министрлер кабинетинин өтүнмөлөрүн карап чыгып, артыкчылыктуу багыттары боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү маселелерин, ошондой эле жакырчылыктын чегинде жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик социалдык колдоону жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 400 мектеп тандалып алынып, аларга гигиеналык комплекттер берилерин, ал эми тандалып алынган 100 мектеп планшет менен камсыздалаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий