• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бакашова КРдагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы боюнча аял лидерлер 38% депутаттык мандатка ээ болгондугу сиздер менен жемиштүү кызматташтыктын натыйжасы экендигин белгилеп кетким келет. Парламенттик шайлоолордо да бул жаатта жакшы натыйжалар орун алаарына ишеним билдирем», - деди Бакашова.

Жылдыз Бакашова өлкөдөгү гендердик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоочу, Гендердик теңчиликтин 2021-2030-жылдарга улуттук стратегиясын иштеп чыгууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир алышууда тараптар БУУ түзүмдөрү менен кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулады. Тактап айтканда, Баткен облусунда орун алган окуялардан соң калкты психологиялык реабилитациялоо зарылдыгын эске алуу менен, аялдарга жана кыздарга каршы зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө багытталган «Луч света» демилгесине Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорун кошуу маселеси талкууланды. Мындан тышкары, тараптар гендердик саясат жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселесин талкуулады.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий