• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакашова: Республикада тездетилген эмдөө үчүн 868 убактылуу эмдөө пункту түзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ушул жума аягында Кыргызстанга Кытайдан келе турган коронавируска каршы вакциналар убактылуу эмдөө пункттарына таратылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, келген вакцина суук чынжырчасынын бардык нормаларын жана талаптарын сактоо менен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Оорулардын алдын алуу кампаларына жеткириле тургандыгын белгиледи. Андан кийин, ал иштелип чыккан план боюнча убактылуу эмдөө пункттарына таратылат.

Бүгүнкү күндө республикада тездетилген эмдөө үчүн 868 убактылуу эмдөө пункту түзүлдү:

  • 521 мамлекеттик медициналык мекемелерде ;
  • 11 жеке медициналык мекемелерде;
  • 116 билим берүү мекемелеринде;
  • 25 соода жана көңүл ачуу борборлорунда;
  • 53 маданий жана спорт мекемелеринде;
  • 63 ири базарларда;
  • 78 мобилдик бригада.

Бакашова кошумчалагандай, бардык убактылуу эмдөө пункттары муздатуучу шаймандар менен, ал эми мобилдик топтор термоконтейнерлери менен камсыз болушат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга жакынкы күндөрү Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасы келет.

Пикир

Оставить комментарий