• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакашова өлкөнүн китепканачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өлкөнүн китепканачыларын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Китепканалар күнү менен куттуктады.

«Китепканалар өзүнүн агартуу миссиясын татыктуу аткаруу менен, рухий баалуулуктарды, маданиятты, илим-билимди калыптандырып, улуттук жана дүйнөлүк маданияттын казынасында өзгөчө орунду ээлейт. Китепкана тарыхый эс тутумду сактап, кийинки муунга өткөрүп берет», - деди ал.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул маселедеги артыкчылыктуу багыт катары жаш муундарды руханий жактан тарбиялоо, маданиятыбызды жана тарыхыбызды мамлекеттик колдоо болуп саналат.

«Жашообуздагы эң маанилүү жана баалуу нерсе бул – биздин балдар, алар биздин келечегибиз. Балдарды тарбиялоодо, окутууда китепканачылардын салымы дагы бар. Кыргыз Республикасынын президентинин демилгеси боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Мурда Өкмөттүн чечими менен «Улуттук» макамга ээ маданий мекеме кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү - 80% га, ал эми «Академиялык» макамына ээ мекеме кызматкерлеринин эмгек акысы 20%га жогорулатылган. Жергиликтүү бийлик органдарындагы маданият мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү 50%га жогорулатылган. Китепканачылардын эмгек акысынын өлчөмү да жогорулатылды», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө рухий баалуулуктарды, патриоттуулук сезимди жана жарандык позицияны калыптандырууда, калкыбыздын билим деңгээлин жогорулатууда китепканачылардын ролу өзгөчө саналат.

«Маалыматтык жактан өнүккөн коомдо жана глобалдык санариптик технологиялар өнүккөн шарттагы заманбап өнүгүү улуттун руханий жана интеллектуалдык баалуу мурасын топтоо менен аны балдарга өткөрүп берүүбүзгө мүмкүнчүлүк берет. Маалымат технологиясынын жигердүү өнүгүүсүнө карабастан, дүйнөдө китептен артык эч нерсе ойлонуп табыла элек. Аң-сезимдин өнүгүп-өсүүсү үчүн муундар ортосундагы байланышты камсыз кылган, руханий жактан азык берген жана акылмандыкка тарбиялаган китептерди окуу керек», - деди ал.

Жылдыз Бакашова китепканачыларга тарыхый жана маданий мурасты сактоо боюнча аткарып жаткан бийик миссиясы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн республикабыздын ар бир китепканачысына ыраазычылык билдирем. Сиздерге чың ден-соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык жетишкендиктерди жана ишиңиздердеги ийгиликтерди каалайм», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий