• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакашова Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга инфраструктуранын, анын ичинде коомдук транспорттун жеткиликтүүүлүгү маселеси каралды. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын жашоо-турмушуна тийиштүү башка маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, каралып жаткан маселелер майыптуулугу бар адамдарды коомго интеграциялоо жана социалдаштыруу боюнча укукту ишке ашыруунун маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мындан тышкары Жылдыз Бакашова эскерткендей, бул маселелер БУУ Майыптар укугу жөнүндө конвенциясында каралган.

«Инфраструктурага жана коомдук транспортко жеткиликтүүлүк майыптуулугу бар адамдардын бардык категорияларына республика боюнча эркин жана коопсуз жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Имараттарга жана курулуштарга жеткиликтүү болуу жана коомдук транспортту, жүргүнчүлөр жолун, унаа жолдорун, байланыш каражаттарын жана коомдук пайдалануудагы башка техникалык каражаттарды пайдалануусу абдан маанилүү. Коомго интеграциялоо жана социалдаштыруу боюнча майып адамдардын укугун ишке ашыруу ар бирибиздин күнүмдүк милдетибиз болуусу зарыл», - деди Жылдыз Бакашова.

Кеңештин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталына пландаштырылган, буга байланыштуу Кеңеш Катчылыгына Кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган бардык чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүсү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий