• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакашова саламаттык сактоо жаатындагы Герман өнүктүрүү банкынын KfW долбоорлорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова саламаттык сактоо жатындагы Герман өнүктүрүү банкынын KfW долбоорлорун өлкөдө ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын, Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Кеңешме алкагында Бишкек шаарындагы улуттук перинаталдык борбордун, Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы оорукананын, Ош жана Талас шаарларындагы перинаталдык борборлордун курулушунун жүрүшү каралды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өз компетенциясынын алкагында бир жумалык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссиянын курамында тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен Бишкек шаарындагы улуттук перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшүн жана Герман өнүктүрүү банкы KfW менен кызматташуу алкагындагы башка обьектилердин курулушунун башталышын тездетүү мүмкүнчүлүгүн кароосу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий