• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» Пекин маданий алмашуу борборунун төрагасы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» Пекин маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча заводду куруу жана чөп-чардын негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасына коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өлкөгө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгиледи.

«Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген», - деди Жылдыз Бакашова.

Пикир

Оставить комментарий