• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакашова: Жайкы эс алуу мезгилиндеги балдардын коопсуздугу эң жогорку деңгээлде болуусу тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова балдар жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абал, жайкы лагерлерди, мектептерге караштуу күндүзгү лагерлерди ачууга, республикалык бюджеттин эсебинен балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланды.

«Жыл сайын республика боюнча 53 балдардын ден-соолугун чыңдоочу борбор өз ишин баштайт. Кыйын жашоо абалында калган, болжол менен 1000 баланын ден-соолугун чыңдоо үчүн республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүнөт. Өткөн жылы Республикалык штабдын чечими менен катаал жашоо шартында калган балдардын ден-соолугун чыңдоо чаралары токтотулуп, ал эми мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунун ишин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо шарты менен уюштуруусу сунушталган. Үстүбүздөгү жылы тармактык мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте балдардын жайкы эс алуу программасын жер-жерлерде түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалды жана балдардын ден-соолугунун коопсуздугун сактоочу тийиштүү алгоритмдердин так сакталышын эске алуу менен иштеп чыгуусу зарыл», - деди Жылдыз Бакашова.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жайкы каникул учурунда балдардын көлмөлөрдүн, каналдардын жанындагы коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды кабыл алуусу зарыл.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуялардын учурунда жабыркаган үй-бүлөдөн 200 жакын баланын жайкы эс алуусун уюштуруу жана реабилитациялоо маселеси талкууланды. Тармактык ведомстволорго балдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүүсү жана алардын балдар лагеринде эс алуусуна тийиштүү маселени мындан ары карай иштеп чыгуусу тапшырылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди. Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча аймактык штабдардын деңгээлинде жайкы лагерлердин жана мектептен тышкаркы ийримдердин иштөө маселесин чечүү тапшырмасы берилди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жумушчу топ түзүп, Баткен окуяларынын жүрүшүндө жабыркаган жарандардын балдарынын жайкы эс алуусун жана аларды реабилитациялоону уюштуруу ишин балдар лагерине жана пансионаттарга, анын ичинде спонсордук каражаттар эсебинен жөнөтүү жолу аркылуу жүргүзүүсү тапшырылды.

Кыргызстандын Профсоюздар федерациясына ведомствого караштуу лагерлерди санитардык-эпидемиологиялык талаптарга дал келтирүүсү, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен Баткен окуяларынын жүрүшүндө жабыркаган балдарды жайкы эс алууга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүсү сунушталды.

Ички иштер министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине Баткен облусунун балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн аларды коопсуз ташууну камсыздоосу тапшырылды.

Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдарга мигранттардын балдарына мамлекеттик тилди үйрөтүү саясатын өркүндөтүү, анын катарында алар үчүн жайкы тил курстарын ачуу боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий