• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакашова жана Татарстан премьеринин орун басары «Сабантуй» элдик майрамына арналган иш-чарага катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев «Сабантуй» элдик майрамына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

«Кыргыз Республикасы Татарстан Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн жогору баалайт жана сыймыктанат. Ошол эле учурда биздин кызмиатташтыгыбыз ишке ашырылбаган олуттуу потенциалга ээ. Биз республикалар ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү үчүн көлөмдүү иштерди аткаруубуз керек», - деди Жылдыз Бакашова өз куттуктоо сөзүндө.

Ал ар тараптуу багыттардагы кызматташтыкты активдештирүү жана достук байланышты өнүктүрүү эки тараптуу кыргыз-татар мамилесин чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишеним билдирди.

«Сабантуй элдердин биримдигин жана ынтымагын арттырган жаркын майрам болуп саналат. Биздин жалпы тамырыбыз катары көп кылымдар бою түптөлгөн маданиятыбыз жана каада-салтыбыз гана саналбастан, элибиздин достугу жана бир туугандык мамилеси курулуп келе жаткан бузулгус пайдубалы саналат», - деп жыйынтыктады Бакашова.

Өз кезегинде Василь Шайхразиев белгилегендей, Татарстан Республикасы өз ара кызыкчылыкты пайда кылган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий