• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакашова: Жаштардын милдети – коомдогу социалдык жана саясий өзгөрүүлөргө активдүү катышуу

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жаштар саясаты жаатында иштеген коммерциялык эмес уюмдардын жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жылдыз Бакашова жаш кыргызстандыктардын коомдогу өзгөрүү процессине активдүү тартылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар республиканын калкынын 25%ын түзөт. Жаштардын алдында коомдогу саясий өзгөрүүлөргө активдүү катышуу, башталган социалдык-экономикалык реформаларды татыктуу улантуу боюнча жооптуу милдет турат. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 400дөн ашык коммерциялык эмес уюмдар иштейт, бирок анын 10%ы гана активдүү. Бул уюмдардын ишмердүүлүгү оң натыйжаларды берет деп ишенебиз», - деди Жылдыз Бакашова.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билдиргендей, республикада болуп өткөн саясий өзгөрүүлөр жаш муун коомго жаңыланууну алып келүүчү кубаттуу, басымдуу күч экенин бир нече жолу далилдеди.

«Мамлекет алдына коюлган максаттарга жетүүдө жаш лидерлердин жана жаштар уюмдарынын сунуштарын угуу зарыл. Жаш муун – республиканын чыныгы байлыгы. Мындай адамдык капитал аркылуу өлкөдө өнүгүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар», - деп белгиледи Жылдыз Бакашова.

Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын жана кабыл алынган «Жаштар саясатынын 2020-2030-жылдарга концепциясын» эске салды.

«Учурда бардык өнүккөн өлкөлөрүндө мамлекеттик жаштар саясаты приоритеттүү багыттардын бирине айланууда. Жаштар чөйрөсүндө иштеген коммерциялык эмес уюмдар жана мамлекеттик түзүмдөр ортосунда көпүрө болчу көптөгөн жакшы сунуштар жана идеялар иштелип чыгат деп ишенем», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий