• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бахадыр Кочкаров эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Спорт 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Малайзияда AFC Referees Memento Awards 2020 футбол калыстарына сыйлык тапшыруу аземинде кыргызстандык Бахадыр Кочкаров эл аралык карьерасынын жыйынтыкталгандыгы тууралуу айтылды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Көрсөткөн кызматы үчүн кыргызстандык калыс Азия футбол конфедерациясынан атайын сыйлык алды.

Бахадыр Кочкаров футболдо калыстык кылуусу 1997-жылы башталган. Ал 1997-жылы 26-майда оюнда алгачкы калыстык кылган. Ал эми акыркы болуп 2019-жылы 10-ноябрда футболдук беттешке калыстыгын көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий