• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бахадыр Кочкаров Футбол федерациясынын президенттигине талапкерлигин койду

Спорт 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. FIFAнын Кыргызстандагы калысы, рекордсмен Бахадыр Кочкаров КРнын футбол федерациясынын президенттигинин кызмат ордуна талапкерлигин койду. Бул тууралуу калыс ca-irnews.com агенттигине өзү билдирди.

"Мени эл суранып койдуруп жатат. Негизи мен калыс болгонум менен бир гана командага жан тартам. Ал – Кыргызстандын улуттук курама командасы. Эгер мен федерациясынын президенти болуп калсам, бардык күчүмдү кыргыз футболунун өнүгүүсүнө жумшайм", – деди Кочкаров.

Азырынча Футбол федерациясынын президенттигине Б. Кочкаровдон башка талапкердин аты атала элек.

Белгилей кетсек, буга чейин федерациясынын президенти болуп иштеп турган Семетей Султанов өз арызы менен кызматтан кеткен.

Ал Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын Азия Кубогунун финалдык оюндарына алып чыгуу тапшырмасын алдыга коюп, ишке киришкен болчу.

Максатыма жеттим деген Султановдун талапкерлиги Азиа футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Анын шайлоосу ушул жылдын апрель айынын башында болот.

Пикир

Оставить комментарий