• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Бахар” салатынын курамы жана даярдалышы

Дүр дүйнө 0

Алдыдагы май майрамдарында мейман күтүп жаткан болсоңуз, дасторконуңузга “Бахар” салаты көрк берери анык. Бул өтө жөнөкөй жана ошол эле учурда витаминдүү, даамдуу салаттардын бири.
Курамы:
● Уй эти - 300 г;
● помидор - 2 даана.;
● бадыраң - 2 даана.;
● пияз - 1 даана;
● сарымсак- 1 тиш;
● катуу сыр - 100 г;
● бышырылган жумуртка - 3 даана;
● көк чөптөр (укроп, петрушка) - 1 боо;
● йогурт (майонез же камкаймак) – татымына жараша;
● туз, мурч – татымына жараша.

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ: Алды менен этти туздуу сууда бышырып алабыз. Эт жумшарганга чейин бир сааттай кайнатылат. Андан соң төрт бурчтук түрүндө туурайбыз.

Пиязды жарым тегерек кылып туурап, кайнак суу менен ачуусун кетирип жууйбуз.

Сууга бышырылган жумуртканы кубик кылып туурап, ага ичке тууралган бадыраң менен помидорду кошуп, майдаланган сарымсак менен бирге бардыгын бир идишке салабыз.

Катуу сырды туурагычтан өткөрүп, көктөрдү туурайбыз.

Андан соң бардыгын майонез, камкаймак же йогурт менен аралаштырабыз. Туз, мурч татымына жараша салынат. Кооз идишке салынган салат меймандарыңызды сөзсүз кубантат.

Пикир

Оставить комментарий