• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бахрейндин падышасы кыргыз элин жана Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 02.05.22./Кабар/. Бахрейндин Падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Берекелүү Орозо-Айт майрамына карата жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу Мартабалуу, Сизге чын дилибизден чыккан куттуктоолорду жолдоп, бекем ден-соолук жана бакыт каалайм. Жараткандан ушул бактылуу учурда туруп, Сизге жана кыргыз элине өнүгүүнү жана бакубатчылыкты, ошондой эле жалпы мусулман элдерине урмат жана өркүндөөнү сурап кетем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий