• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бахтияр Салиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөдө куттуктоонун текстин келтиребиз:

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди мусулмандардын ыйык Курман айт майрамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү күнү курман айт майрамы элибиз үчүн оор күндөргө туш болуп, өлкөбүз чоң жоготууларга учурап, коронавирус илдети баарыбызды мүңкүрөткөн мезгил болду. Ушундай апаат күндөрү Кыргызстан эли улуу биримдиктин, ынтымактуулуктун жана бекемдиктин арты менен бул илдетти жеңүү аракетин кылып келет. Жер-жерлерде айыл өкмөт жана шаар мэрияларынын илдетти жайылтпоо иш-чараларын жүргүзүүдө ролу чоң экенин баса белгилеп кетүү зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бюджеттеринен илдет менен күрөшүүдө каражат сарптап, ыктыярчы мекендештерибиз жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте, меджабдыктар менен камсыз болгон стационарларды ачып, илдетке чалдыккан жарандарга дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүп, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүп келүүдө.

Кыргызстанда жашап келген ар бир улуттун өкүлү четте калбай, колунан келген жардамын берип, бул апаатты токтотууда активдүүлүгүн көрсөтүп келет.

Андыктан, коронавирус илдети менен күрөшүүгө өз салымын кошкон ар бир мекендешибизге, айыл өкмөтү жана шаар мэрияларына, этностук коомчулукка терең ыраазычык билдирип кетем!

Ушул ыйык күнү элибизге ачык асман, ырыскылуу ынтымак каалап, жалпы калайык калкыбыздын тилеги орундалып, илдетти жеңип, бүткүл өлкөбүздө бакубат жашоо орун алуусуна тилектешмин!

Айт майрамыңыздар маарек болсун!

Пикир

Оставить комментарий