• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бакиевдер Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Садыр Жапаровдун жообу

Президент 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Садыр Жапаров Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар экендигин эске салды.

"Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек", - деп баса белгиледи президент Жапаров.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголуп, ишдөөдө жүрүшкөндүгүн айтты. "Келсе мен жогоруда айткандай, албетте, камалышат. Ал эми Башкы прокуратуранын мага берген маалыматтары боюнча Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголбоптур. Издөөдө жок экен", - деди президент.

Мамлекет башчысы "кокус Бакиевдер болбой эле Кыргызстанга келебиз, сот аркылуу акталабыз деп калса, бул элдин бөлүнүп-жарылуусуна алып келбейби?" деген суроого: "Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимдерди соттор актап жиберээрине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан", - деп жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий