• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басарларына кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сот тутумундагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзөт.

УКМК тарабынан мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Атап айтканда, Ысык-Көл районундагы “Аврора плюс” пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер.

2010-жылдын 25-майында убактылуу өкмөттүн №43 декрети менен 10 гектар жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында “Ысык-Көл-Аврора” санаторийинин аймагында жайгашкан К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн.

Бирок, кийин бул объектилер үч инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар “Аврора плюс” ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган.

Ошондой эле убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары “Аврора плюс” пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, суммасы 500 млн сомдон ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан Жогорку соттун мурдагы төрагасы Д.Ф.З., Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Жогорку соттун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий