• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакиров: “Айыл өкмөттөргө эмгек келишими менен убактылуу адис алуу маселесин карап көрүүбүз керек”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров республиканын 450 айыл өкмөтүнөн дайындалып келген кырк айыл өкмөттүн башчылары менен жолугушту.

Жолугушууда Төраганын орун басары М.Бакиров аткаруу бийлигинин эң оор жумуштары айыл өкмөттөрүндө экенин белгилеп, айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өз натыйжасынын берерин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жер-жерлерде курулуш материалдары үчүн алынган кум, шагыл, топурак казуу иштерине Экологиялык-техникалык инспекция ар кандай тыюуларды салып жаткандыгы сөз болду. Анткени бул курулуш материалдарын казуу баалуу кен байлыктарды казууга болгон талаптар менен теңештирилип калган. Мындай жүйөөлөрүн келтирген айыл өкмөттөрү курулуш материалдарын экологиялык органдар менен чечилгендей жөнөкөйлөштүрүүнү өтүнүштү. Мындан сырткары, айыл өкмөтүнүн бюджетинин басымдуу бөлүгү билим берүүгө жумшалып, башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө каражат жетпей жатканы айтылды. Буга себеп билим берүү тармагында айрым кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо айыл өкмөттөрүнүн мойнуна коюлган.

Ак-Талаа районунан келген айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова малдын башын идентификациялоо, үйлөрдү камсыздандыруу, аскерге балдарды жиберүү сыяктуу бир катар органдардын ыйгарым укуктары айыл өкмөттөргө жүктөлүп калгандыгына токтолду. Ал айыл өкмөттө кадрлар жетишсиз маалда жогорудагыдай милдеттер оорчулук жаратып жатканын белгиледи. Дагы бир башка айыл өкмөттүн башчысы кадр маселесин улап, ички миграциянын кесепетинен кадр табуу кыйынчылык жаратып жатканын ортого салды. Анын айтымында, адистерди жумушка алуу Мамлекеттик кадр кызматы аркылуу өтөт. Ага талапкерлер табылып, анан конкурстун негизинде өтүп келгенче, иш солгудоого учурайт. “Андыктан, жок дегенде Мамлекеттик кадр кызматынан адис өтүп келгенге чейин кадр алып иштетип турууга уруксат берилсе”,- дейт ал.

Бир катар айыл өкмөт башчылары тарабынан айылдардын башкы планын иштеп чыгууга ого эле көп каражат талап кылынаары, жаштардын үй салуусу үчүн жер тилкесин трасформациялоо, жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартып, электр мамыларын орнотуу энергетика жаатындагы мекемелер тарабынан жүргүзүлүүсү керектиги, чечилген чек араларды ыкчам түрдө демаркациялоо, МТСтерди уюштурууга техникаларды алуу үчүн насыя дотациядагы айыл өкмөттөргө берилбей жатканы сыяктуу жер-жерлердеги орчундуу делген көйгөйлөр тизмектелди.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров айыл өкмөт башчылары тарабынан чындыгында эле олуттуу маселелер көтөрүлүп, алгылыктуу сунуштар айтылганын баса белгиледи. “Айыл өкмөт башчылары тарабынан мындай маанилүү ой-пикир, сунуштардын коюлушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдыга умтулуп, өнүгүүгө бет алгандыгынын белгиси катары баалоого арзыйт”, - дейт М.Бакиров. Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары коюлган ар бир маселеге ой-пикирин, сунушун айтып, алардын айрымдары боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттерди тизмектеди. “Айыл өкмөттөргө эмгек келишими менен убактылуу адис алуу маселесин карап көрүүбүз керек”,- деген М.Бакиров берилген сунуштар боюнча тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүгө аракеттерди көрө тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий