• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бакиров: Эне менен балага байланыштуу көйгөлүү маселелерди комплекстүү чечүү зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Мыйзамды кабыл алуу же четке кагуу – экинчи маселе. Баарыдан мурда, биз бул мыйзамдын долбоорун комплекстүү карашыбыз керек, ансыз болбойт. 1,5 млн жакыр жараныбыз, 500 миӊден ашуун пенсионер, 300 миӊден ашык жөлөкпул алган бала бар. Андан тышкары, жылына 4 миӊден ашуун майып бала кошулуп жатыптыр. Өтө кооптуу жагдай. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеште социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

«Жаӊы төрөлгөн балага сүйүнчү берүү – жакшы демилге. Жылдык минималдуу кирешенин 900 сомдон көбөйтүлүшү дагы жакшы, бирок 1421 сом азыдык кылат. Аны андан ары көбөйтүү жолдорун издешибиз керек. Мамлекет эне менен балага камкордук көрүүгө милдеттүү. Анткени, ден-соолугу чыӊ, жашоо-турумушу камсыз болгон эне гана дени сак бала төрөйт. Дени сак бала – өлкө келечеги. Ошондуктан, алардын көйгөйүн комплекстүү чечүү зарыл», - дейт депутат.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, андан тышкары, эл өкүлү өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерин майыптардан жыл сайын ден-соолугунун абалын такстыктаган медициналык документтерди талап кылуунун токтотууга чакырды. «Адамдын майыптыгы аныкталган документ тургандан кийин, аны жыл сайын кайрадан талап кылуу туура эмес. Эмне, бир жылдын ичинде майып адамдын колу же буту кайра өсүп калмак беле?», - дейт Мирлан Бакиров.

Пикир

Оставить комментарий