• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бакиров: Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү түшкөн аймактарга галлерея куруу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында депутат Мирлан Бакиров кечээ жакында эле Ош-Бишкек жолундагы Көчкү-Булак аймагына түшкөн көчкү тууралуу айтып, бул жаңылык деле болбой калгандыгына, жыл сайын кайталанып келе жатканына токтолду. “Андыктан, канча жылдан бери көчкү түшүп келе жаткан аймактарды так аныктап, жүргүнчүлөрдүн убактысы менен убаракерчилигин эске алып Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү түшкөн аймактарга галлерея куруу керек. Керек болсо кыска убакыттын ичинде галлерея куруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу зарыл”,- дейт.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, ашуулардагы жыл сайын жаралган көчкү көйгөйүн депутат Калдарбек Баймуратов улады. Ал техникасы жок, күрөктөрү менен ыкчам топ түзүлгөнүн сынга алып, техникаларды топтоп, мындай жерлерге нөөмөт уюштурууну сунуш кылды. Мыдан сырткары, депутат Ысык-Көл облусунун Кичи-Өрүктү айылынын тургундарынын айылдагы маданият үйүн ремонттон өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий