• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакиров: Тажикстан эл аралык тажрыйбаны бузду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган депутаттар тобу Баткен облусунун Лейлек районуна барып келди. Аталган топко төраганын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов жана Таабалды Тиллаев кирген. Эл өкүлдөрү Максат айылынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү ооруканада дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Ошондой эле окуяда каза болгон “Бөрү” атайын адистештирилген отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун жакындарынан кабар алышты.

“Эл аралык тажрыйбага ылайык талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө болбойт. Ал эми Тажикстан курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду”, – деди төраганын орун басары Мирлан Бакиров.

Тиешелүү мыйзамдарды жана мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин айрым токтомдорун аткаруу маселесин көтөрүп чыгууну көздөп жатканын айткан Мирлан Бакиров: “Башкысы мамлекеттик чек аралардын делимитация жана демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү зарыл”,– деди. Муну менен катар бардык бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, төраганын орун басары Мирлан Бакировдун айтымында, депутаттар тобу аталган чек ара маселесин парламент жыйынына да алып чыгууну мерчемдөөдө.

“Бул чек арадагы талаштуу жагдай бүгүнкү же кечеги күндүн гана көйгөйү эмес. Абал өтө курч экенин эске алуу менен маселелени сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү керек”, – деп билдирди Мирлан Бакиров.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров азыркы тапта абал турукташа баштаганын айтып: “Жергиликтүү эл менен жолугушканыбызда Тажикстан чек арачылары биринчи ок чыгарганын айтышты. Алар Максат айылындагы мектепке карай ок атышкан. Ошондой эле тургундар тажик тарап мурдатан эле даярданып, чек арага жакын атайын техникаларды алып келип баштаганын билдиришүүдө”, – деди. Буга кошумча депутат окуяда жабыр тарткандарга жана каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин атынан материалдык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий