• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бакирова Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркияга болгон иш сапардын алкагында Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов башында турган делегация менен расмий эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нургүл Бакирова Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бекем тарыхый негизге жана маданиятка ээ болгон жакшы коңшулук жана бир туугандык мамилелер өнүккөндүгүн айтты. Кызматташуу жылдарында баардык чөйрөлөрдө конструктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлүп, анын ичинде эки өлкөнүн сот системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү багыттарын белгилесе болот деди төрайым.

Эки мамлекеттин тыгыз кызматташтыгы Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана КМШнын алкагында жүргүзүлүп келет.

Белгилүү болгондой, учурда дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бул жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын он алтынчы жыйыны Кыргыз Республикасында видеоконференц байланыш аркылуу 2021-жылдын 24-сентябрында өткөрүлө тургандыгын Нургүл Бакирова маалымдады.

Мындан тышкары, учурда Кыргызстанда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коом менен эффективдүү өз ара аракеттенүү максатында электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилип жаткандыгын кошумчалады.

Соттордо иш кагаздарын автоматташтыруу, статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, судьялардын ортосунда иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камтыган сот адилеттигинин электрондук тутуму ийгиликтүү иштеп жаткандыгын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн сотторундагы аудио жана видео жаздыруу системасынын ийгиликтүү иштеши туурасында талкуу болду.

Өз кезегинде Жакып Асанов Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированы ушул жылдын октябрь айында иш сапар менен Казактан Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн сот тутумундагы жетишкендиктери, артыкчылыктары жана тажрыйбалары туурасында пикир алышышты.

Пикир

Оставить комментарий