• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бактар кулап, чатырлар учуп. Ысык-Көлдө катуу бороон-чапкын болду. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 11.09.19 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кечээ, 10-сентябрь күнү катуу бороон-чапкын катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Чыгышэлектр” ишканасынын өкүлү Эльдияр Макетаев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, көбүнчө шаардын жогорку жагы жана анын айланасында жайгашкан айылдар жабыркаган. Бороондон унаалардын жана үйлөрдүн терезелери талкаланган.

“Шамал кээ бир үйлөрдүн жана чарбалардын чатырын учуруп, алар электр зымдарын үзүп кетти. Ошондой эле унаалар талкаланып, бактар кулаган. Учурда комиссия жана 10 бригада жеринде иш алып барууда”, - дейт Макетаев.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, катуу шамал болжол менен саат 20:00дө башталган. Учурда өкүлчүлүктүн кызматкерлери элдер менен жолугушууларды жүргүзүүдө. Жабыркагандар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий