• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бактияр Орозов билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Орозов Бактияр Сайпидинович билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттикке ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин бул кызматты Калысбек Шадыханов ээлеген. Ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Орозов бул кызматка дайындалганга чейин КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеп келген.

2021-жылдын 30-июнунда К.Орозов Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын улуттук резервине (жогорку кызмат орундарына) киргизилген.

Туулган күнү жана жери:

1986-жылы 28-майда Бишкек шаарында туулган.

Билими:

Жогорку билимдүү: 2008-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин алдындагы Гуманитардык билимдер институтунун экономика факультетин «экономист – менеджер» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

Чен даражасы:

Мамлекеттик жарандык кызматтын III даражадагы кеңешчиси

Окумуштуулук даражасы:

Юридика илимдеринин кандидаты

Эмгек жолу:

10.2008-ж. – 07.2009-ж. – Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы, укуктук, кадрдык жана иш кагаздарын камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

09.2009-ж. – 09.2013-ж. – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ректордун жардамчысы, эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы, «Жазык процесси жана криминалистика» кафедрасынын алдындагы криминалистика кабинетинин башчысы, Юридикалык институттун мамлекеттик жана укуктук саясат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, башкы адиси, Юридикалык колледждин тарбия иштери боюнча башчысынын орун басары;

09.2013-ж. – 11.2013-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укугун жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы;

03.2014-ж. – 09.2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын консультанты;

09.2015-ж. – 07.2016-ж. – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Юридикалык институт, «Жазык укугу жана процесси» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу;

07.2016-ж. – 08.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыздоо боюнча топтун башкы адиси;

08.2016-ж. – 04.2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн референти;

04.2017-ж. – 04.2019-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти;

04.2019-ж. – 05.2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун башчысы;

05.2021-ж. – 09.2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, курулуш, транспорт, жолдор жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;

09.2021-ж. – 10.2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, курулуш, транспорт, жолдор жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

10.2021-ж. – 02.2022-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти.

Ведомстволук жана башка сыйлыктары:

- Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (кол саат) менен сыйланган;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылыгы жарыяланган;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Борбордук Азиядагы PRI эл аралык абак реформасынын медалдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий