• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бактияр Самыйбек уулунун кайрылуусу боюнча кылмыш ишин иликтөө кайрадан жандандырылды

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 24-ноябрында КТРК телеканалында видеосюжет көрсөтүлгөн. Анда Бактияр Самыйбек уулу аттуу жаран ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине арызданган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы төмөндөгүлөрдү билдирет.

2018-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун дарегине Бактияр Самыйбек уулу аттуу жарандан ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата чара көрүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. 2018-жылдын 6-майында Бишкек шаарындагы Ленин ИИБ № 1-шаардык милиция бөлүмүндө ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун сындырып салышканы айтылган.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын тапшырмасы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы менен 2018-жылдын 24-майында текшерүүнүн материалдарына юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы 2018-жылдын 6-июнунда КР Кылмыш кодексинин 305 статьясынын 2-бөлүгүнүн 3 пункту боюнча (күч колдонуу менен кызматтык укуктарын ашкере пайдалануу) жана 174-статьянын 1 бөлүгү (мүлктү атайылап жок кылуу же бүлүндүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин иликтөө КР УКМКнын башкы иликтөө башкармалыгына тапшырылган.

Иш боюнча зарыл болгон бардык экспертизалар белгиленип, алгачкы иликтөө аракеттери аткарылган. Стамбул протоколунун талаптарын эске алуу менен жабырлануучуга 2018-жылдын 26-июлунда соттук психологиялык-психикалык экспертиза дайындалган.

2018-жылдын 6-ноябрында экспертиза аяктап, Бактияр Самыйбек уулунун айткандарын ырастаган бүтүм даярдалган.

2018-жылдын 26-ноябрында жогоруда аталган кылмыш иши боюнча иликтөө кайрадан жандандырылып, жакынкы аралыкта күнөөлүү адамдарга тиешелүү айыптар тагылат.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин кароо жана аныктоо үчүн сотко өткөрүлөт.

Бактыяр Самыйбек уулу аттуу жарандын КР ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери У. Т. Рыспеков менен И. Искендербек уулунун аракеттерине карата арызы боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай деп маалымдайт. 2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтому жокко чыгарылып, мыйзамдарга негизденген чечим кабыл алуу үчүн материалдар кошумча текшерүүгө жөнөтүлдү.

Иликтөөнүн жана мындан аркы соттук териштирүүнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий