• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бактуу-Долонотудагы өрттөнгөн аткананын ат майданга тиешеси жок – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылында өрттөнгөн аткананын иподромго тиешеси жок, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл районунун Бакты-Долоноту айылындагы аткананын ичинде 700 чарчы метр тезек күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

“Өрттүн ат майданга эч кандай тиешеси жок. Атканадан чыккан өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 2 бөлүм тартылган. Өрт кечээ, 23-августта чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий