• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте бакты сүзгөн №8 автобустун айдоочусу аралыкты сактаган эмес

Кырсык 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, Бишкекте бакты сүзгөн №8 автобустун айдоочусу аралыкты сактаган эмес.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинде №8 автобустун айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Натыйжада 21 адам жабыркаган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Ы.Абдрахманов көчөсүнөн "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа Ч.Айтматов көчөсүнө бурулуп чыккан учурда ага "Хонда Стрим" унаасы жол бошотуп берген.

“Ошол учурда анын артында келе жаткан автобус аралыкты сактабай, токтоого жетишпей аны айланып өтөм деп жол жээгиндеги бакты сүзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий