• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бактыбек Аманбаев балдарга өкмөттүн атынан жаңы жылдык белектерди тартуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Бактыбек Аманбаев балдарды жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга өкмөттүн атынан таттуулар жана планшеттер түрүндө белектерди тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилесек, өкмөт үйүнө министрлер кабинетинин дарегине мурда кат жазган балдар чакырылган.

«Кымбаттуу балдар! Силерди келе жаткан Жаңы 2021-жылыңар менен куттуктайм! Жаңы жылыбыз өлкөбүздүн ырааттуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү жагымдуу өзгөрүүлөргө бай болсун. Силердин окууңарга ийгиликтерди каалайм, дениңер сак болушун, алдыга койгон максаттарыңар ишке ашуусуна тилектешмин. Силер – биздин келечегибизсиңер. Алдыңкы билим-илим алууга умтулуп, замандын талабына төп келген жаштардан болуп өскүлө», - деди Бактыбек Аманбаев.

Пикир

Оставить комментарий