• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бактыбек Кудайбергенов оңдоодон өтүп жаткан мектепти текшерди

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов №46 мектепте болуп, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин сапаты менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин жаңы имаратында жылытуу тутуму оңдолуп жатат. Буга чейин жылытуу иштери эски имаратта дагы оңдолуп келген.

"Учурда жылуулук тутуму демонтаждалууда. 750 чоюн батареясы орнотулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Шаар башчысы билим берүү мекемесинин периметри боюнча тосмо уюштуруу керектигин белгиледи.

Оңдоо иштерин “Гипостил” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий