• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматын аркалап келген Бактыбек Кудайбергенов КР президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кудайбергенов өзү билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу мэрдин милдетин аткаруучулуктан кеткен. Бүгүн саат үчтө жаңыдан дайындалган жетекчи жалпы жамаатына тааныштырылат.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин иш башкаруучусу кызматын ээлеп келген Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий