• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бактыбек Кудайбергенов: Жаңы автобустар толугу менен шаардын борбордук бөлүгүн тейлейт

Коом 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте жаңы автобустар ишке берилди, алар шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун тейлейт.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов «Кабар» агенттигине билдиргендей, жаңы автобустар ыңгайлуу жана экологиялык.

«Бул биздин борбор калаага өтө керек болчу. Автобустарды бүгүнтөн баштап ишке киргиздик жана жаңы маршруттук каттамда элдерди ташый баштайт. Биринчи июлга чейин алар көнүп, маршрутун тактаганга чейин шаардыктарды акысыз ташыйт. Бул өз кезегинде шаарга «Экожүргүнчү ташуу» ЖЧКдан белек болуп калат», - деди Кудайбергенов.

Ал бул биринчи гана партиясы, күзгө чейин дагы 300 автобус келерин белгиледи, «Биз Эгемендик күнүнө карата 300 автобустун барын ишке берүүнү көздөп жатабыз. Мындан тышкары, ЕРӨБдин линиясы боюнча дагы 300гө жакын автобус жана 12 метрлик автобустарды сатып алынат. Биздин борбор калаа жаңы, ыңгайлуу автобустарга муктаж. Бул биринчи гана белгилер»,-деп ишендирди ал.

Кудайбергенов мэрия бул автобустарга бюджеттен каражат короткон жок деп белгиледи. Бул автобустардын бары ишкерлер тарабынан сатылып алынды, ал эми мэрия аларга маршруттук линияларды гана берип жатат.

«Экожүргүнчү ташуу» ЖЧКнын башчысы Азис Сапаралиев жаңы автобустар шаардык транспорттун тарифинде жаңы каттам линиялары менен ташыларын билдирди. "Биз жылдын аягына чейин бардык талаптарга жана нормаларга ылайык келген газ менен иштөөчү 300 автобус алып келүүнү пландап жатабыз. Бизге жүктөлгөн бардык милдеттерди келишимге ылайык так аткарабыз”,-деди ал.

Ишкер иш үчүн алар тажрыйбалуу 100 айдоочуну жалдашканын белгиледи. Тандап алуу сынактын негизинде жүргүзүлдү. Бир автобусту эки айдоочу кезек-кезеги менен тейлешет. Компания жалпы 350 автобус үчүн 700 айдоочу алууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий