• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бактыгүл Жеенбаева жана Финансы министрлигинин эки кызматкери Финполго суракка чакыртылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана Финансы министрлигинин эки кызматкери Финполго суракка чакыртылды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү (Финпол) кызматынан тастыкташты.

Сурак берүүгө билдирме бүгүн эртең менен тапшырылган.

Маалыматка ылайык, кеп Соттук өкүлчүлүк борборундагы ири өлчөмдөгү коротуулар жөнүндө болуп жатат. Жеке булактын маалыматына караганда, Борбор Каржы министрлигинин линиясы аркылуу кошумча каражат катары талап кылынган 1,5 миллиондун ордуна 6 млн сом алган.

Пикир

Оставить комментарий