• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бактыгулов: Биринчи элдик курултай – элдик бийликтин жана демократиянын келиши

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Ушул жылдын ноябрь айында өтө турган биринчи элдик курултай – бул эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болмокчу. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине эксперт жана саясий серепчи Шерадил Бактыгулов билдирди.

Анын айтымында, көз карандысыздыктын 30 жылдыгында Кыргызстанда бийликтин эл алдында отчет берүү системасы бузулду.

“Жогорку Кеңештин депутаттары, андан кийин саясий партиялар дагы эл менен бийликтин ортосунда толук кандуу көпүрө боло алышкан жок. Бизде 30 жылдан бери депутаттар жана партиялар өздөрүнүн гана максаттарын көздөп келишти. Өз кезегинде өлкө жетекчилеринин элге отчеттору парламентте гана айтылып келди. Башкача айтканда, эл менен бийликтин түз диологу болгон жок”, - деди ал.

Эксперт белгилегендей, алдыда боло турган курултай эл менен бийликтин ортосунда байланыш түзө турган көпүрө болушу керек.

“Курултай – бул элдик өкүлчүлүктүн бир түрү. Ал байыркы доорлордон бери бар. Мисалы, байыркы гректерде "агора", арабдарда "мажлис", перстерде "диван" болгон. Кийин бул парламент катары калыптанып калды. Кыргызстанда курултай жөнүндөгү норма бардык конституцияларда болгон. Бирок, бул эмне экенин баары эле түшүнө бербегендей таасир калтырат. Курултай – бул элдик жыйын. Башкача айтканда, бул активисттердин, саясий партиялардын, коомдук пикир лидерлеринин жана башка топтордун эмес, элдин өзүнүн катышуусу. Делегаттар социалдык жана коомдук абалына карабастан, аймактык тиешелүүлүгүнө жараша ачык-айкын түзүлүшү керек. Анткени көп улуттуу кыргыз элинин тагдыры жөнүндө болуп жатат”, - деди Бактыгулов.

Жыйынтыгында ал курултай бийликти саясий көзөмөлдөөнүн натыйжалуу ыкмасы болорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий