• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдө гана өсөт — Жээнбеков

Президент 0


Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. «Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдө гана өсөт», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда.

Өлкө башчысынын айтуусунда, Кыргызстанда ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу.

"Ошондуктан биздин өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөө — артыкчылыктуу багыт", - деп баса белгиледи президент.

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиясында адамды өнүктүрүү, анын потенциалын ачуу — негизги приоритет катары каралган, - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Бул стратегиянын приоритеттери — Бириккен Улуттар Уюмунун Глобалдык Күн тартибинин бардык талаптарына дал келет.

Стратегияны ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөрдү камсыз кылуу Өкмөттүн милдети:

— саламаттыкты сактоонун, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана жогорку технологиялуу медицинаны жайылтуу;

— мектепке чейинки жана мектепте билим алуунун жеткиликтүүлүгүн толук камсыз кылуу;

— бардыгына теӊ социалдык коргоонун минималдуу стандарттарына кепилдик берген социалдык колдоо системасын түзүү.

"Баланын эрте өнүгүүсү, анын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, балдар үчүн Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү — бардык бийлик бутактарынын, жергиликтүү бийликтин, коомдук уюмдардын артыкчылыктуу милдеттери болуп кала берет", - деп кошумчалады С.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий