• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бактын кыйылышынан улам Оштун эки району электр энергиясыз калды

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. "Кыргызстандын Улуттук электр станциялары" ишканасы Ош облусундагы электр энергиянын өчүрүлүшү тууралуу түшүндүрмө берди.

Бүгүн, 29-апрелде саат 09:40та “Гүлчө” көмөк чордонунда Ош облусунун Чоң Алай районундагы жана Алай районунун бир бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдү камсыз кылган “Гүлчө - Суфи-Курган” 110 кВт аба чубалгысы өчүрүлдү.

Алай районунун Будалык айылынын тургундары бакты кыйганда бутак 110 кВт аба чубалгысына түшкөн. Мындан улам электр энергиясы өчүрүлгөн.

Бузулууну оңдоо үчүн ыкчам бригада жөнөтүлүп, “Гүлчө-Суфи-Курган” 110 кВт аба чубалгысынын №82 жана №83 тирөөчтөрүнүн керме аралыгындагы бутак алынды.

Саат 11:08де “Гүлчө-Суфи-Курган” 110 кВт аба чубалгысы ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий