• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баку Жунусовду 10 күндүн ичинде экстрадиция кылат – Башкы прокуратура

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. КРнын Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусовду ушул айдын аягында экстрадиция кылышат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Акматов кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, буга чейин Жунусовду экстрадициялоо боюнча туура эмес маалымат тараган. Чындыгында Адамкул Жунусовду мекенге кайтаруу тууралуу чечимди сот эмес, Ажербайжандын Башкы прокуратурасы кабыл алат.

“Сот баш коргоо чарасын кабыл алат. Буга чейин Жунусовго издөө салынгандан кийин, аны камоо чечими кабыл алынган. КРнын Башкы прокуратурасы Ажербайжандагы кесиптештерине кайрылып, аны бизге берүүнү суранган. Учурда ал Бакунун пенитенциардык мекемелеринин бирине киргизилген”, - дейт Акматов.

Прокуратурадан билдиргендей, Жунусов 10 күндүн ичинде Кыргызстанга алынып келинет.

Эске салсак, Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов 4-декабрь күнү Нью-Йорктон Бакуга учуп келгенде, аэропорттон кармалган.

Жунусовго коррупция жолу менен өлкөгө 167 млн. сом өлчөмүндө зыян алып келгендиги үчүн кылмыш иши козголгон. Ал эл аралык издөөгө 28-август күнү жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий