• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакуда «Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” аттуу эл аралык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. 15-майда Азербайжандын борбору Баку шаарында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” аталышындагы иш-чара өттү. Иш-чараны Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) катчылыгы Азербайжан Жазуучулар бирикмеси менен биргелешип уюштурду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттын меймандары менен катышуучулары ТҮРКПАнын катчылыгынын имаратында ачылган жазуучунун архивдик сүрөттөрүнүн көргөзмөсү менен таанышты. Андан тышкары, Ч.Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын чагылдырган тасмага күбө болушту. Ошондой эле, улуу инсандын дипломатиялык ишмердүүлүгү да талкууга алынып, адамдык бийик сапаттарды жана гуманизмди даңазалаган чыгармаларынын мааниси тууралуу сөз болду. “Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусуна” калемгердин жакын достору Азербайжан Улуттук Межлисинин депутаттары, жергиликтүү окумуштуулар, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү катышып, өз эскерүүлөрү менен бөлүштү. Алсак, КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын ээси, Азербайжан Жазуучулар бирикмесинин төрагасы, улуу калемгердин жакын досу Анар Рзаев: “Айтматов менен Азербайжан эли гана эмес, бүткүл түрк тилдүү мамлекеттердин калкы сыймыктанат. Ошол үчүн бүгүнкү эскерүү иш-чарасына ар тараптан окумуштуулар,акындар, жазуучулар жана элчилер келишти”, – деди.

Улуттук Межлистин депутаты, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Иса Хабибейли улуу жазуучу жалпы Азербайжандын досу экенин белгилеп: “Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары аркылуу кыргыз элинин руханий дүйнөсүн ачып берип, каармандарынын тагдыры аркылуу ар бир окурманга жакындап, Азербайжан элинин жазуучусу боло алды” – деп кошумчалады. Буга мисал катары Азербайжандын жаш окумуштуулары Ч.Айтматов тууралуу бир катар диссертациялык эмгектерди жазып жатышканын маалымдады.

Ал эми Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева 2004-жылы жазуучу менен Стамбул шаарында өткөн Түрк маданият күндөрүндө жолукканын эскерип: “Биздин фонд Ч.Айтматовдун китептерин жана анын чыгармалары боюнча коюлган спектаклдерди бир канча тилдерге которуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”,– деди.

Иш-чаранын соңунда жазуучунун уулу Аскар Айтматов ТҮРКПАнын катчылыгына жана Азербайжан Жазуучулар бирикмесине Айтматовдун үй-бүлөсүнүн атынан ыраазычылык билдирип: “Бул жолугушуу өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан иш-чарага көптөгөн жакын достор чогулушту. Атам Азербайжанды аябай жакшы көрчү. Айтматовдун адамзатка калтырган мурасын түшүнүп, чыгармачылыгын сыйлаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем”, – деп кошумчалады.

Аталган жолугушуу алкагында иш-чараны чагылдыруу үчүн келген кыргызстандык ЖМК өкүлдөрү тажрыйба алмашуу максатында Азербайжандын парламентинин жана мамлекеттик AzTVтелевидениесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий