• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакуда Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин III отуруму өттү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Бүгүн Баку шаарында Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин кезектеги III отуруму өттү. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул маанилүү жыйынга Азербайжан Республикасынын Билим берүү министри Жейхун Байрамов, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Казакстан Республикасынын Билим жана илим министрлигинин жооптуу катчысы Канат Сарсембаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин Билим жана тарбия кеңешинин төрагасы Бурханеттин Дөнмез жана Азербайжан Республикасынын Илимдер академиясынын президенти Рамиз Мехдиев катышты.

Ошондой эле, түрк дүйнөсүнүн институтционалдык курулуштарынын башчылары, атап айтканда, Түрк кеңешинин баш катчысы Багдат Амираев, ТүркПанын баш катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Түрк маданият жана мурас фондусунун башчысы Гүнай Эфендиева, ТҮРКСОЙ мекемесинин баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы, булар менен бирликте Азербайжандагы Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Мажарстан республикаларынын толук жана ыйгарым укуктуу элчилери, укуктуу өкүлдөрү жыйындын меймандары болушту.

Жыйында Академия башчысы 2019-жылдагы аткарылган иштердин отчетун берип, 2020-жылдын иш пландары менен тааныштырды.

Баш кошууда Кыргызстан тарабы Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин төрагалык милдетин Азербайжанга тапшырды.

Аткарылган иштерге жогорку баа берген Илимий кеңештин мүчөлөрү Академиянын 2020-жылга белгиленген иш пландарын бекитип, кийинки отурумду Түркияда өткөрүүгө макулдашышты.

Кеңеш мүчөлөрү бир катар маселелер боюнча мыкты чечимдерди кабыл алышты. Атап айтканда, түрк дүйнөсүнүн маараке даталарынын тизмеси, билим жана илим тармагында ынтымакташтыкты күчөтүү маселелери, илим изилдөө жоболорун жоболору талкууланып, негизги багыттар макулдашылды.

Белгилей кетсек, 2020-жылкы түрк дүйнөсүнүн белгилүү даталары катарында Тонукөк эстелигин 1300 жылдыгы, аль-Фарабинин 1150 жылдыгы, Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгы, “Манас” эпосунун 1025 жылдыгы, көрүнүктүү мамлекет жана коом ишмери, жазуучу жана публицист Нариман Наримановдун 150 жылдыгы сыяктуу мааракелер бар.

Пикир

Оставить комментарий