• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бакуда үй жарылып, үч адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарынын Ясамальск районунда бир кабаттуу үйдө чоң жарылуу болгон. Бул тууралуу Day.Az. маалымат агенттиги өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме менен берүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жарылуу коопсуздук талаптарын сактабагандыктан келип чыккан. Бул кырсыктын жыйынтыгында ошол үйдө жашаган үч адамдан турган үй-бүлө каза болгон.

Өрт өчүрүлгөндөн кийин үйдө жылытуу үчүн колдонулган газ менен иштөөчү ашкана плитасы табылган. Ал үйдү жылытуу үчүн колдонулуп келгендиги белгилүү болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жарылуу газдын чыгышынан болгон.

Учурда баардык тийиштүү текшерүү жана тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий