• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-июлунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжандын тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий реформалар жана өлкө экономикасын калыбына келтирүү боюнча өлкө жетекчилигинин чаралары жөнүндө маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирип, жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгилешти. Бул контекстте министр Казакбаев КР президенти Садыр Жапаровдун Азербайжандын президенти Илхам Алиевге жолдогон расмий билдирүүсүн жеткирүү атайын буйругу менен келгендигин айтты.

Министр Руслан Казакбаев Азербайжандын президенти И. Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруу эки тараптуу мамилелердеги негизги окуя болуп калаарын белгилеп, Садыр Жапаров эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташууга жаңы маани берген эки демилге менен чыккандыгын маалымдады:

- стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде мамлекеттер аралык кеңешти түзүү;

- жакынкы келечекте "Борбордук Азия - Түштүк Кавказ" региондор аралык платформасын түзүү (5 + 3).

Казакбаев бул демилгелерди ишке ашыруу жалпы потенциалды чыңдап, заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды биргелешип жеңүүгө мүмкүндүк берет деген пикирин билдирди.

Тараптар ошондой эле биргелешкен инвестициялык фондду түзүү, түз авиакаттамдарды жандандыруу, маданий-гуманитардык кызматташтык, анын ичинде студенттер менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар министрлердин орун басарларынын деңгээлинде министрлер аралык саясий консультацияларды уюштуруу жана укуктук базаны инвентаризациялоо маселелерин талкуулашты.

Тараптар COVID-19 пандемиясынан улам болгон чектөөлөргө карабастан, 2021-жылдын алгачкы 5 айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67% га өскөнүн канааттануу менен белгилешти.

Эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга бекем даяр экендиктерин билдиришти.

Министр Казакбаев кесиптеши Байрамовго меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, аны ыңгайлуу учурда Кыргызстана келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий