• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакуда Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кечээ, 6-февралда Баку шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы саясий ведомстволордун башчылары Түрк кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык аренада Түрк кеңешинин позициясын бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен аракеттер, уюмду жана башка түрк институттарын өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө пикир алмашышты.

2020-жылы Түркияда өтүүсү пландалып жаткан Түрк кеңешинин 8-саммитине карата даярдыктарга байланышкан маселелерге тараптар чоң көңүл бурду.

ТИМКнын отурумунун жыйынтыктары боюнча тышкы саясий ведомстволордун башчылары Түрк кеңешинин органдарынын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар документтерге кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий