• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакуда Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт

Саясат 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өтөт. Ага КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков катышат, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Жыйынга ТТМККга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведостволорунун башчыларынан тышкары Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто дагы катышат.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ушул жылдын 15-октябрында өтө турган Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешине даярдануу маселесин талкуулашат.

КРнын Түрк кеңешине төрагалык кылуу жылында уюмга Өзбекстандын толук укуктуу мүчө катары кошулуусу жана уюмдун европадагы бөлүмү катары болуучу Венгриянын борбору Будапешт шаарында Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнүн ачылышы көрүнүктүү окуя болду.

Пикир

Оставить комментарий