• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бакуда “Жамийла” повестинин негизинде кыргыз тилинде спектакль коюлду

Коом 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Самед Вургун атындагы Азербайжан мамлекеттик орус драма театрында түрк маданияты жана мурасы Эл аралык фондунун колдоосу менен 19-октябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин негизинде кыргыз тилинде спектакль коюлду.

Түрк маданияты жана мурасы Эл аралык фондунун директору Гюнай Эфендиеванын айтымында, спектаклдын ачылышы улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган. “Айтматовдун чыгармалары мекенге болгон сүйүү менен азыкталган. Алар кыргыз элинин жашоо турмушу, көргөн кыйынчылыктары, бай маданияты жана салттары тууралуу баяндап келет. Айтматовдун чыгармаларын дүйнө жүзү ардактап келет”, - дейт Эфендиева.

“Чыңгыз Айтматов - өзүнөн кийин чоң мурас калтырып кеткен улуу прозаик. Айтматовдун эстелиги дайыма биздин оюбузда жашап келет. Ал абдан Азербайжанды ажербайжандын элдерин сүйгөн, бул жакка бат-бат келип турган. Азербайжандын маданият министрлиги Ч.Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арнап чоң иш-чара камдап жатабыз. Белгилей кетчү нерсе – Айтматов бүт түрк тилдүү өлкөлөрүнүн сыймыгы”, - дейт маданият министри Абульфас Гараев.

Спектаклдын башкы продюсери, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова белгилегендей, Ч.Айтматов дайыма жашоодогу курч темаларды алып чыккан. “Жамийла" чыгармасы эч кимди кайдыгер калтырбайт, бул сүйүүнүн гимни. Баку шаарынын тургундарын улуу “Жамийли” чыгармасы менен тааныштыргандыгыбыз үчүн кубанычтамын”, - деди ал.

Спектаклга Айнура Акылбек кызы (Жамийла), Руслан Курманалиев (Данияр) жана Санжар Сабыржан уулу (Сеит) аттуу актерлор катышты. Спектаклды КР эмгек сиңирген режиссеруу Талант Апыев койгон.

Пикир

Оставить комментарий