• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бакудагы наркоборбордогу өрттөн каза болгондордун саны 25ге жетти

Дүйнө 0


Бишкек, 2.03.18./Кабар/. Бакунун борборундагы наркология борборунда чыккан өрттөн 25 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта өлкөнүн ӨКМ, ИИМ жана башкы прокуратурасына таянып APA агенттиги маалымдады.

Өрт эртең менен чыккан, аны саат 9га жакын өчүрүүгө мүмкүн болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, бейтаптар өрттөнүп жаткан имараттан чыга албай калышкан. Имараттын ичиндеги 55 адамдын 30у куткарылган. Жабыркагандардын үчөө ооруканага жеткирилген,-деп жазат DW.

Учурда окуя болгон жерде 10го жакын өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматынын дарыгерлери иштеп жатышат.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий