• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакудагы ТТМКК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Баку шаарында (Азербайжан) бир катар документтерге кол коюлду.

ТТМКК мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

  1. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетин түзүү жөнүндө Чечими;
  2. Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү жөнүндө Чечими;
  3. Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени жөнүндө Чечими;
  4. Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку орденин ыйгаруу жөнүндө Чечими;
  5. Түрк кеңешинин Башкы катчынын орун басарын жана Түрк маданияты жана мурасы Фондусунун Президентин дайындоо жөнүндө Чечим.

Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеңешине Өзбекстан Республикасын кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынып, Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин катчылыгы менен Венгриянын Өкмөтү ортосундагы Венгриядагы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы Кеңешинин өкүлчүлүгүнө байланыштуу Макулдашууга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий